Карта Безопасности (Package Name: io.perfekt.safetymapbishkek) is developed by Nursultan Turdaliev and the latest version of Коопсуздук Картасы 1.1 was updated on May 12, 2017. Коопсуздук Картасы is in the category of Maps & Navigation. You can check all apps from the developer of Коопсуздук Картасы. Currently this app is for free. This app can be downloaded on Android 4.1+ on APKFab or Google Play. All APK/XAPK files on APKFab.com are original and 100% safe with fast download.
Коопсуздук картасы – смартфондор үчүн тиркеме, ал шаар тургундарына айкын убакыт ыргагында көчөлөрдө болгон окуялар тууралуу маалымдоого – документтештирүүгө, картада белгилөөгө жана түптөлгөн жагдай тууралуу маалымат алмашууга өбөлгө түзөт. Көчөдөгө кол салуулардын негизги мотиви –коркутуу. Курмандыктардын коркунучу агрессордун өзүн күчтүү сезүүгө мажбурлайт. Бирок мындай күчтү жеңүүнүн эң жөнөкөй жолу бар –болуп жаткан окуяны баарына көрүнүктүү кылуу. «Коопсуздук картасы» тиркемесин колдонуу менен көчөлөрдүн караңгы экендигин, кол салуулар, талап-тоноолор, уурдоолор, тийишүүлөр, коркутуулар тууралуу маалымат берүүгө болот. Бул аймакта коопту экендигин, көчө караңгы экендигин картада белгилөө жагдайдын коркунучтуу экендигин түшүнүүгө жана ага көңүл бурууга жана укук бузуучуларга карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдары тарабынан көзөмөлдүктүн күчөтүлүшүнө өбөлгө түзөт. МИССИЯСЫ «Коопсуздук картасы» - активисттер тобунун жардамы менен көчөдөгү тартип бузууларга бөгөт коюу үчүн иштелип чыккан. Коомдун аракети кол салуулардын, коркутуулардын, сабап кетүүлөрдүн, тийишүүлөрдүн себептерин түшүнүүгө, бул тууралуу коомдук пикирдин калыптанышына жана күндөлүк абалды өзгөртүүнүн жаңы стратегияларын өнүктүрүүгө шарт түзөт. Биз көчө баш аламандыктарына жол берилбеген жана бардык адамдар коомдук жайларда коопсуз жүрө алышкан жашоону сунуштайбыз. БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ? Адамдар бул тиркемени көчөдөгү тартип бузуулар тууралуу маалымдоо үчүн пайдалана алышат. Коопсуздук картасы пайдалануучуларга маалыматтарды жарыялоо жана аны жалпы картага чыгаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт. Коопсуздук картасы көчөдөгү укук бузуулардан жабыркагандарга психологиялык колдоо көрсөтөт жана көчө баш аламандыктары – бул, бийликтин көңүл буруусун жана тиешелүү чара көрүүсүн талап кылган, олутуу көйгөй экендигин тастыктайт. АЛ КАНДАЙ ИШТЕЙТ? Ар бир адам өзүн коопсуз жана ишенимдүү сезүүгө, кол салууларга, басынтууларга, коркутууларга, талап-тоноолорго, уурдоолорго дуушар болбоого укуктуу. Мунун негизги идеясы адамдар өз окуялары менен бөлүшкөндөн кийин, колдоо көрсөткүсү келген адамдар жана мамлекеттик органдар жардамга келишет. Коопсуздук картасы кооптуу жагдайга кабылгандарга өз оюн айтуу жана көчөдөгү тартип бузууларга, кол салууларга, басынтууларга каршы кыймылдуу күч түзүүгө мүмкүнчүлүк берген технологияларды колдонот. КООПСУЗДУК КАРТАСЫНЫН МИЛДЕТТЕР Үн кошуу. Коопсуздук картасы окуяларды документтештирип, көчөдөгү укук бузууга дуушар болгон жерди картада көрсөтөт. Бул бардыгыбызга өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө жана көйгөйгө көңүл бурууга өбөлгө түзөт. Коомдун пикирин өзгөртүү. Кеңири аудиторияга учурдагы көйгөйлөр жана алар менен күрөшүү канчалык маанилүү экендиги тууралуу маалымдоо «Коопсуздук картасы» мобилдик тиркемесинин максаттарынын бири болуп саналат. Мамлекеттик органдардын көңүлүн буруу. Коопсуздук картасы» мобилдик тиркемеси маалыматтарды бийликтегилерге жеткирип, аларды көчөдөгү- укук бузуулар менен күрөшүү боюнча ишке чакырат.
APKFab.com and the download link of this app are 100% safe. All download links of apps listed on APKFab.com are from Google Play Store or submitted by users. For the app from Google Play Store, APKFab.com won't modify it in any way. For the app submitted by users, APKFab.com will verify its APK signature safety before release it on our website.