Коопсуздук Картасы

1.0 1

v1.1 by Nursultan Turdaliev

Коопсуздук Картасы APK 下載 Коопсуздук Картасы APK 下載

關於 Карта Безопасности

Карта Безопасности(包名:io.perfekt.safetymapbishkek)開發者是Nursultan Turdaliev,Карта Безопасности的最新版本1.1更新時間為2017年05月12日。Коопсуздук Картасы的分類是地圖與導航。您可以查看Коопсуздук Картасы的開發者下的所有應用。目前這個應用免費。該應用可以從APKFab或Google Play下載到Android 4.1+。APKFab.com的所有APK/XAPK文檔都是原始文檔並且100%安全下載的資源。
Коопсуздук картасы – смартфондор үчүн тиркеме, ал шаар тургундарына айкын убакыт
ыргагында көчөлөрдө болгон окуялар тууралуу маалымдоого – документтештирүүгө, картада
белгилөөгө жана түптөлгөн жагдай тууралуу маалымат алмашууга өбөлгө түзөт.
Көчөдөгө кол салуулардын негизги мотиви –коркутуу. Курмандыктардын коркунучу агрессордун
өзүн күчтүү сезүүгө мажбурлайт. Бирок мындай күчтү жеңүүнүн эң жөнөкөй жолу бар –болуп
жаткан окуяны баарына көрүнүктүү кылуу. «Коопсуздук картасы» тиркемесин колдонуу менен
көчөлөрдүн караңгы экендигин, кол салуулар, талап-тоноолор, уурдоолор, тийишүүлөр,
коркутуулар тууралуу маалымат берүүгө болот. Бул аймакта коопту экендигин, көчө караңгы
экендигин картада белгилөө жагдайдын коркунучтуу экендигин түшүнүүгө жана ага көңүл
бурууга жана укук бузуучуларга карата мыйзам чегинде чара көрүү үчүн укук коргоо органдары
тарабынан көзөмөлдүктүн күчөтүлүшүнө өбөлгө түзөт.
МИССИЯСЫ
«Коопсуздук картасы» - активисттер тобунун жардамы менен көчөдөгү тартип бузууларга бөгөт
коюу үчүн иштелип чыккан. Коомдун аракети кол салуулардын, коркутуулардын, сабап
кетүүлөрдүн, тийишүүлөрдүн себептерин түшүнүүгө, бул тууралуу коомдук пикирдин
калыптанышына жана күндөлүк абалды өзгөртүүнүн жаңы стратегияларын өнүктүрүүгө шарт
түзөт.
Биз көчө баш аламандыктарына жол берилбеген жана бардык адамдар коомдук жайларда коопсуз
жүрө алышкан жашоону сунуштайбыз.
БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ?
Адамдар бул тиркемени көчөдөгү тартип бузуулар тууралуу маалымдоо үчүн пайдалана алышат.
Коопсуздук картасы пайдалануучуларга маалыматтарды жарыялоо жана аны жалпы картага
чыгаруу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.
Коопсуздук картасы көчөдөгү укук бузуулардан жабыркагандарга психологиялык колдоо көрсөтөт
жана көчө баш аламандыктары – бул, бийликтин көңүл буруусун жана тиешелүү чара көрүүсүн
талап кылган, олутуу көйгөй экендигин тастыктайт.
АЛ КАНДАЙ ИШТЕЙТ?
Ар бир адам өзүн коопсуз жана ишенимдүү сезүүгө, кол салууларга, басынтууларга,
коркутууларга, талап-тоноолорго, уурдоолорго дуушар болбоого укуктуу.
Мунун негизги идеясы адамдар өз окуялары менен бөлүшкөндөн кийин, колдоо көрсөткүсү келген
адамдар жана мамлекеттик органдар жардамга келишет.
Коопсуздук картасы кооптуу жагдайга кабылгандарга өз оюн айтуу жана көчөдөгү тартип
бузууларга, кол салууларга, басынтууларга каршы кыймылдуу күч түзүүгө мүмкүнчүлүк берген
технологияларды колдонот.
КООПСУЗДУК КАРТАСЫНЫН МИЛДЕТТЕР
Үн кошуу. Коопсуздук картасы окуяларды документтештирип, көчөдөгү укук бузууга дуушар
болгон жерди картада көрсөтөт. Бул бардыгыбызга өз тажрыйбабызды бөлүшүүгө жана көйгөйгө
көңүл бурууга өбөлгө түзөт.
Коомдун пикирин өзгөртүү. Кеңири аудиторияга учурдагы көйгөйлөр жана алар менен күрөшүү
канчалык маанилүү экендиги тууралуу маалымдоо «Коопсуздук картасы» мобилдик
тиркемесинин максаттарынын бири болуп саналат.
  Мамлекеттик органдардын көңүлүн буруу.  Коопсуздук картасы» мобилдик
тиркемеси маалыматтарды бийликтегилерге жеткирип, аларды көчөдөгү- укук бузуулар менен
күрөшүү боюнча ишке чакырат.
查看更多
Карта Безопасности 資訊
歷史版本 更多
Коопсуздук Картасы
Коопсуздук Картасы 1.1 APK
2017年09月04日 10.71 MB

Requires Android: Android 4.1+

Screen DPI: nodpi

SHA1: 32cf5a33cc9ebb96ed77e8966dd86c5cba9d3ecc

Size: 10.71 MB

更多資訊

更新日期:

最新版本:

1.1

請求更新:

提交最新版本

系統要求:

Android 4.1+